Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан учурда кармалды

14.09.2020 11:42
1028
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан учурда кармалды


Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара талап кылуу боюнча кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. 


Маалыматка караганда, 11-сентябрда «Ж.З.» аттуу КР жаранынан келип түшкөн кайрылуусунун алкагында УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.


Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча «Ж.З.» аттуу жарандан акча каражатын талап кылган.


14-сентябрда жүргүзүлгөң ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн