Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:34
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Кара-Суу районунда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

14.10.2024 16:19
303
Кара-Суу районунда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди


Ош облусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы 275 орундуу №60 Абдылдаев атындагы орто мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Билим берүү уясы долбоор боюнча 3 блоктон эки кабатуу окуу корпустан туруп, спорттук зал, ашкана, балдардын жана кыздардын кол эмгек класстары, футболдук, волейболдук оюн аянтчалары каралган.

Мектептин курулушуна 75,4 млн сом каражат бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн