Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Суу районунда аялын өлтүрүп сандыкка салып койгон жаран кармалды

15.12.2022 14:43
993
Кара-Суу районунда аялын өлтүрүп сандыкка салып койгон жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун 49 жаштагы тургуну жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Ал маркумдун денесин өздөрү жашаган үйүндөгү сандыкка салып, бекитип койгон. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.


Милициянын маалыматына ылайык, 1-декабрда саат 13:40 чамасында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө аталган райондогу үйдөн аялдын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн.


“Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында 36 жаштагы аялдын жансыз денеси өзү жашап жаткан үйдүн ичиндеги сандыктан табылган. 


Маркумдун денесине кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги аныкталган. Ал эми кылмышка шектүү катары кармалган тургун мурда Казакстанда соттолгондугу белгилүү болду. Шектүү маркум менен жарандык никеде жашап жүргөнүнө сегиз ай болгон” , - деп айтылат маалыматта. 


Учурда аталган факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн