Кулжа 09, 2025
Убакыт: 12:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.095
1.125

Кара-Суу районунда жаңыланган асфальт-бетон заводу ачылды

09.06.2025 08:59
16
Кара-Суу районунда жаңыланган асфальт-бетон заводу ачылды


Кара-Суу районунда “Салих Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңыланган асфальт-бетон заводу ачылды.


Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышты.


Алсак, Кара-Суу районунун 90 жылдыгын утурлай модернизацияланган өндүрүштүк жай бардык керектүү заманбап техникалар менен жабдылып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого багытталган. Долбоордун жалпы наркы 721 млн сом. Завод саатына 300 тонна асфальт, 270 куб бетон чыгарат. 


Кошумчалай кетсек, “Салих Строй” жоопкерчилиги чектелген коому былтыр бюджетке 70 млн сомдой салым кошкон. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн