Тогуздун айы 13, 2025
Убакыт: 06:26
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Кара-Сууда 10,7 га жерге "Мурас" соцшаарчасын куруу пландалууда

17.12.2024 17:31
1231
Кара-Сууда 10,7 га жерге "Мурас" соцшаарчасын куруу пландалууда


Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында жайгашкан 10,70 гектар жерге "Мурас" социалдык шаарчасын куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарча куруу боюнча эскиздик долбоор Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

"Бүгүнкү күндө эскиздик долбоордун негизинде шаар куруу документтери даярдалып, долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн