Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кара-Сууда 24 млн сомдук жер тилкеси мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип кеткен

03.03.2022 11:25
529
Кара-Сууда 24 млн сомдук жер тилкеси мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип кеткен

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган районго караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жайланышкан муниципалдык менчиктеги 24 млн 592 миң сомго бааланган жалпы аянты 0,18 га жер тилкесине эч кандай укук аныктоочу документтери жок туруп, “Б.А.” аттуу жарандын жеке менчик укугун мыйзамсыз каттап, мамлекеттик акт берип жиберишкендиги тастыкталды.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн