Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кара-Сууда «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылды

25.11.2022 12:23
700
Кара-Сууда «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылды

Кара-Сууда «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүндө бардык шарттары бар, заманбап мечиттин ачылышы болуп өттү. Орто Азияга аттын кашкасындай таанымал аалым, маркум Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылган мечиттин ачылыш аземине Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Өзгөн районундагы “Имам Бухари” ислам институтунун ректору Абдирахман кары Атабаев, демөөрчүлөр, имамдар жана айыл тургундары катышты.


Мечитке демөөрчүлүк кылган “Эмират” эл аралык кайрымдуулук коомунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын мүдүрү Али Айоуб жана Хусейн Абдурахманханга, аны менен бирге курулуш иштеринде талыкпай кызмат кылган имам баштаган бир нече инсанга Кара-Суу райондук хатибяты тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.


“Мечит бул – Алланын үйү. Аны кургандарга, демөөрчүлүк кылгандарга  Жараткан Алла Таала үлкөн ажыр-соопторду убада кылган. Мынаке, жаркыраган сонун мечит курулуп бүттү, эми биздин мойнубуздагы вазипа ушул мечитти абад кылуу. Мечиттин абад болуусу ар түрдүү кымбат чырактар менен кооздоо эмес, беш убак намазды мүмкүн болушунча мечитте окуу”, – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн