Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Сууда «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин курулушу уланууда

19.05.2022 10:11
858
Кара-Сууда «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин курулушу уланууда




Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Телман 2 айылында курулуп жаткан «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин курулушу менен жеринде таанышты. Баш имам-хатиб аалымдын атын алган мечиттин биринчи кабаты бүткөрүлгөнүн кабарлады. Бул тууралуу КМДБнын маалымат кызматы билдирди.

 

«Жергиликтүү демөөрчүлөр Чубак ажынын ысымын өчүрбөй, дайыма эстеп жүрөлү деп ысымын берүүнү туура көрүшүптүр. Элибиздин аалымдарга урмат көрсөткөнү, эмгектерин эскере жүргөнү өтө сонун көрүнүш. Ислам дининин асыл баалуулуктарынын жайылышына зор салым кошкон Орто Азияга белгилүү дин аалымы Чубак ажынынын эмгеги чоң. Мечиттин курулушу 2021-жылдын апрель-май айларында башталган. Учурда 2-кабаты чет элдик демөөрчүлөр тарабынан бүткөрүлсө, дааратканасы, очокканасы, имамдын бөлмөсү жана кошумча бөлмөлөр жергиликтүү жамааттын жардамы менен бүткөрүлдү», – деп билдирди Абдирашит ажы.


Эскерте кетсек, аталган айылдагы көчөлөрдүн бирине Чубак ажынын ысымы коюлган болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн