Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кара-Сууда Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган дагы бир жер астындагы тоннель табылды

07.06.2022 15:28
355
Кара-Сууда Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган дагы бир жер астындагы тоннель табылды



Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы тоннелди тапты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тоннель тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылган.


2022-жылдын 4-июнунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Чек-Ара кызматынын башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын өнөктөш


кызматтары менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу шарына караштуу турак жайдын чарбалык корпусунун бетон тротуарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын жер астындагы өтмөк менен байланыштырган тоннель табылган.


Тоннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, тоннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (КР) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.

Учурда бул тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ОРМ жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн