Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кара-Сууда унааны текшерүү учурунда 2 кг баңгизат табылды

08.09.2023 11:06
727
Кара-Сууда унааны текшерүү учурунда 2 кг баңгизат табылды


Ири өлчөмдө баңгизат ташыган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ыдайык, Кара-Суу районунун аймагында 42 жаштагы Б.К. жана 45 жаштагы М.С. аттуу жарандардын башкаруусундагы "Toyota Crown" үлгүсүндөгү автоунаага жол коопсуздугунун эрежесин сактоо боюнча жана текшерүү үчүн токтоткон учурда анын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү качууга аракет кылышып, жүргүнчү баштыкка оролгон 2 даана затты кылмыштын бетин жашыруу максатында талааны көздөй ыргытып жиберген.

Жыйынтыгында автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү кармалды.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган баңгизат "каракуурай чайыры" бэкени аныкталып, салмагы 1 кг 992,4 граммды түзгөн.

Кылмышка шектүүлөргө карата КР Кылмыш-жаза Кодексинин "Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн