Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:03
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кара-Сууда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

05.08.2021 17:34
457
Кара-Сууда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Кара-Суу районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.



Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында 2021-жылдын 4-август күнү саат 18:30 чамасын катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел суулары жүрүп Баш-Булак айылында 42 турак үйдүн короо-сарайларына, анын ичинен 2 турак үйдүн ичине жана 3 турак үйдүн жер төлөлөрүнө суу кирген. Ошондой эле Кара-Сөгөт айылында 1 турак үйгө сел суулары кирип, дубалын бузуп кеткен, 1 даана Портер үлгүсүндөгү унааны агызып кетип, 8 чакырым жолду каптап кеткен, унаалар кыйнчылык менен өтүүдө. Учурда Кара-Сөгөт айылында электр жарыгы өчкөн.


Азыркы учурда Ош облусу боюнча башкармалыгынын жана Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам топтор, №25 ӨКБдан 16 куткаруучу, РӨКОдон 1 камаз, 2 сордуруучу насос, Катта-Талдык айыл аймагынан 2 жүктөгүч, жергеликтүү тургундардан 10 адам тартылды.


 5-август күнү тартылган күч жана каражаттардын жардамында жеринде сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн