Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Караколдо дүкөндөн алтын сөйкөлөрдү уурдаган келин кармалды

16.09.2020 09:35
1285
Караколдо дүкөндөн алтын сөйкөлөрдү уурдаган келин кармалды


Каракол шаарында милиция кызматкерлери тарабынан алтын сөйкөлөрдү уурдаган келин кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 14-сентябрда милицияга 29 жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кайрылган. Жабырлануучу билдиргендей, болжол менен саат 16:30 – 17:00 чамасында белгисиз адамдар «Бугу» базарында жайгашкан зергер дүкөнүнөн баасы 16800 сомду түзгөн бир түгөй алтын иймектерин уурдап кетишкен.


Аталган кабар боюнча криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, Каракол шаардык күзөт бөлүмүнүн милиция кызматкерлери менен бирдикте кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү катары аял кишини кармоого үлгүрүштү. 


Ал Түп районунун Көөчү айылынын 26 жаштагы тургуну Б.А. болуп чыкты. Жаш келинден далил зат катары уурдалган алтын иймектер алынды.


Аталган факт ШИИБдин КЖБРне катталып,  Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 







Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн