Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 03:19
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Караколдо мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

20.12.2024 17:42
1031
Караколдо мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды


Каракол шаардык ичк штер башкармалыгы мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу боюнча кылмышты аныктады.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, милицияга Пристань Пржевальск айылында белгисиз адамдардын мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенгендиги тууралуу билдирүү түшүп, ыкчам-иликтөө иш-чаралары башталган.

Натыйжада Пристань Пржевальск айыл аймагында мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенген алты тургун белгилүү болгон. Алардын турак жайларына мыйзам чегинде тинтүү жүргүзүлүп, 20 сига лудога балыгы, 1 форель, 8 карась, 1600 метр синтетикалык тор, 3 кайырмак, 1 мотолодка жана 1 катер далил зат катары алынган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Пристань Пржевальск айылынын тургуну 1980-жылы туулган А.В. шектүү катары аныкталып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жогоруда алынган далил заттын арасынан А.В.га 9 сига лудога, 1 форель жана 11 мүшөк тор тиешелүү.

Тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн