Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:38
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Карантин. Өкмөттүн дарамети. “Суу жетпеген мурун”

11.05.2020 10:26
1087
Карантин. Өкмөттүн дарамети. “Суу жетпеген мурун”


Өлкөбүздүн айрым аймактарына киргизилген бир жарым айга созулган өзгөчө абал алынды. Бирок, жалпы республикадагы өзгөчө кырдаал режими калды. Ачыгын айтканда өзгөчө абал режимин алуу дагы деле эрте эле. Аны алып салуу өкмөттүн аргасыздык абалы болду окшойт. 


Эмне үчүн? Жумушсуз отургандардын үйүндө азык-түлүгү түгөнүп, социалдык жарылуулар болуп кетиши мүмкүн экендигин эске алды. Же болбосо калкты үйүндө отургузуп коюп дагы бир ай багуу, азык-түлүктөн, акча каражатынан жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү таптакыр жок экендигин моюнга алды. Ошондон улам калкты өз арабасын кылдыратып тарта берсин деген кыязда өзгөчө абал режимин алып, бир катар мекеме, соода-сатык жайлардын ишке киришине жол ачты. 


Негизи эле кыргыз өкмөтү ар кандай күтүүсүз кырдаалдарга даяр эмес экендигин көрсөттү. Алтургай алдын-ала белгилүү болгон (коронавирус пандемиясы адеп Кытайдын Ухань шаарынан чыгып, Европа мамлекеттерин аралай баштаганда эле Кыргызстанда аны алдын-алуу боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйындары өткөн) кырдаалга да дурустап даярдык көрө алышпады. Медицина кызматкерлерине зарыл болгон медициналык каражаттарды да алдын-ала даярдап коюшпаган экен. Анын кесепетинен дарыгерлер, медайымдар да бул илдетке көп чалдыкты. 


Мындан сырткары кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан келген кредиттерди, жардамдарды айлык акы, пенсия, жөлөк пулга айлантып, таркатып коюп эле отургандай болду. Анын ордуна бул илдеттин тийгизе турган таасирлеринен кантип оң натыйжа менен чыгып кетсек болот деген суроо менен баш оорутушкан жок. 


Дүйнө эле апаат болуп келген COVID-19 пандемиясы кыргыз коомчулугу үчүн сабак болгондой да болбогону өкүндүрөт. Мындай кырдаалда дүйнө эли ынтымак, биримдик менен бир гана көздөгөндөрү эртерээк жай турмушка кайтып келүү болсо, кыргыз коомчулугунда мурдагыдай эле ар бир кадам саясат болуп жатты. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө “жамбаштап” жатып алып, акыл үйрөткөн “эксперттердин” катары да көбөйүп кетти. 


Албетте, коронавирус пандемиясынан улам бир жарым ай үйдөн чыкпай жатуу көп адамды бук кылды. Натыйжада көчүгү көрүнгөн шорта кийген, кыргыз элин ашата сөккөн жаш кыздар чыкты. Өзгөчө абал режими маалында шаар ичинде жүрүү үчүн автоунааларга берилген “пропусктар” да башында сатылып кеткенин билдик. Айрым саясатчыларыбыз “Бул бийликтин эле саясаты, эч кандай вирус жок” деп да чыкты. Ушундай убактан пайдаланып элге азык-түлүк жеткизип берип жаткан кайрымдуу адам болуп көрүнгүсү келгендер, берген жардамдарын видеого тартып жакшы эле мактанып да алышты. 


Айтор, кыргыз коомчулугу коронавирустан жеткиликтүү сабак албагандай болду. Бул жарыкчылык дүйнө жалган экенин, андан бир күнү баарыбыз кете турган күн болорун эске алып, ушундай оор күндөрдө саясатты жыйыштырып, мактанууну, пиар жасоону токтотуп, бири-бирибизге сый-урмат менен мамиле жасап, жай турмушка биргеликте эртерээк жетүүнү камын ойлосок дурус болмок. Балким, ала турган сабактар али алдыда болсо керек.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн