Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанга COVID-19 вирусу кайсыл өлкөлөрдөн кирген? Изилдөөнүн жыйынтыгы

12.08.2020 09:34
866
Кыргызстанга COVID-19 вирусу кайсыл өлкөлөрдөн кирген? Изилдөөнүн жыйынтыгы


Ушул жылдын апрель, май айларындагы карантин учурунда Кыргызстанга беш мамлекеттен вирус кирген. Бул боюнча  Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди. 


Анын айтымында, Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) “Вектор” референс-лабораториясында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкты.


"2020-жылы 25-майда карантин учурунда ордо калаадагы клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасына түшкөн жарандардан алынып, коронавирус инфекциясына оң жыйынтык көрсөткөн 20 даана биоматериалды топтоп, Россиядагы “Вектор” референс-лабораториясына жибердик. Бул изилдөөнүн максаты – Кыргызстандагы вирустун таржымалын аныктоо болчу. Илимий изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, кайсы мамлекеттен Кыргызстанга вирус киргени аныкталды. Алар үч топко бөлүнөт:


1) Швеция, Россия Федерациясы.

2) Швеция, АКШ, Бириккен Араб Эмираттары.

3) Оман мамлекети.


Ушул мамлекеттерден келген геном Кыргызстанда басымдуулук кылаары аныкталды", - деди Айгүл Жумаканова. 


Эң кызыгы таажы вирусунун мекени – коңшу Кытайда байкалган геном Кыргызстанда карантиндик эрежелер сакталган учурда аныкталбаганын Айгүл Жумаканова белгиледи. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн