Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Карантинде ашыкча салмактан кантип сактануу керек?

07.04.2020 16:51
1077
Карантинде ашыкча салмактан кантип сактануу керек?


Профилактикалык медицинанын профессору жана диетология тармагынын доцентти Мигель Мартинес-Гонсалес карантинде ашыкча салмакка туш болбо үчүн эмне кылуу керектигин билдирген.

Диетолог билдирүүсүндө Жер Ортолук деңизинин диетасын кармоого жана мөмө-жемиштерди дайыма жеп турууга чакырган.


“Зайтун майынын биринчи сыгымын, нанга сүртүп жеген пайдалуу. Балыкты жумасына жок эле дегенде үч жолу колдону керек, анткени ал протеинге бай, жана жумасына үч төрт жолу жумуртка жеп туруш керек”, - деген Мигель Мартинес-Гонсалес.


Диетолог пайдалуу азыктардын катарына, кургатылган жемиштер менен жаңгактарды жумасына үч жолу жеп турууну кошкон.


Ошондой эле, бат даярдалуучу тамактардан баш тартууга чакырган. Мындай азыктарга көп өлчөмдөөгү арзан баадагы суу май кошуларын айткан.


Карантин күндөрү сүткө негизделген десерттер, печенье, гамбургер, колбаса, чипсы жана куурулган картошкаларды колдонуудан баш тартууга чакырган. Анын айтымында мындай тамактарды колдонуу, ансыз да кыймылдар аз болуп жатканда ашыкча салмактуулука алып келет.


Мүмкүн болсо, тоңдурулган же консерваланган тамактарды жаңыларына алмаштыруу керек. Бирок, банкадагы фасоль, горох жана балыктарга уруксат берилет. Ошол эле учурда, диетолог алардын курамындагы тузга көңүл бурууну сунуштайт. Мындан тышкары, карантин убактысында тоңдурулган балык жана этти сатып алууга болорун эскерткен.


Диетолог тамактануу убактысын катуу кармоо керектигин, анткени изоляция убагында адамдар чарчанып же өзүн тынчтандыруу максатында тамактана берерин эскертет. 


Соңунда Мартинес-Гонсалес бирге жашаган адамдарга күнүнө жок дегенде бир жолу телевизор жана телефондорсуз дасторконго чогулуп олтурууну сунуштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн