Өкмөт башчынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме жыйын өткөрдү.
Анда анын орун басары Маил Алиаскаров быйылкыга пландар тууралуу маалымат берген.
“Ысык-Көл облусунда картошка, Талас облусунда төө буурчак айдалган аянттарды кыскартып, кант кызылчасын отургузуу зарыл. Натыйжа болушу үчүн жайыт чөптөрүнүн уруктары себилген жайыттардын аймагын тосуу керек”, — деди Алиаскаров.
Белгилей кетсек, Кыргызстан ар түрдүү баалоолордо кумшекер менен өзүн-өзү 50-80 пайызга камсыздайт. Калган керектөө импорттун эсебинен жабылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн