Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев кайда?

21.04.2021 16:22
990
Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев кайда?

Жогорку Кеңештин депутаты мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголуп же козголбогонун сурады.


Буга башкы прокурор Курманкул Зулушев жооп берип, жеке өзүлөрүнө карата иш козголбогонун, бирок октябрь окуясы боюнча ачылган өндүрүштүн алкагында тергелип, аларга юридикалык баа берилерин айтты.

Ал эми УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сагын Самидин уулу "атайын каражаттарды колдонуу мыйзамдуулугу" боюнча бир иш козголуп, ошонун негизинде кызматтык адамдар тергелип жатканын билдирди.
Мындан улам Момбеков бир адамдын өлүмүнө, канчалаган кишинин жаракат алышына кимдир бирөө жооп бериши керектигин белгилеп, Жунушалиев менен Опумбаев учурда Москвада жүргөнүн айтты.

"Азырынча эч бир кызмат адамына айыбын угуза элекпиз. Тергөө жыйынтыкталганда маалымат беребиз. Ал адамдын өлүмүнүн себебин изилдеп жатабыз. Кулак тундуруучу гранатадан каза болдубу, ал каражат каяктан келип тийди, далилдешибиз керек", — деди Самидин уулу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн