Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине көңүл айтты

23.08.2022 11:14
497
Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине көңүл айтты



Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Орусиянын Ульяновск облусундагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Ак Ордонун расмий сайтында жарыяланды.


Көңүл айтуу телеграммасында, Токаев 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган Орусиянын Ульяновск облусундагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтып, каргашалуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилейт. Ошондой эле, президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине кайраттуулук тилеген.


21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны учурда ооруканада даарыланууда. Алардын абалдары оор деп бааланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн