Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 01:42
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Касымалиев Санариптик өнүктүрүү министрлигине Мамкаттоо кызматы үчүн жаңы программалык камсыздоону иштеп чыгууну тапшырды

04.02.2025 11:54
117
Касымалиев Санариптик өнүктүрүү министрлигине Мамкаттоо кызматы үчүн жаңы программалык камсыздоону иштеп чыгууну тапшырды


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлигине Жер ресурстары мамлекеттик агенттиги менен биргеликте кыска мөөнөттүн ичинде жаңы программа иштеп чыгууну тапшырды.


Адылбек Касымалиев белгилегендей, жаңы программалык камсыздоо аркылуу жарандар кыймылсыз мүлккө, паспорттоштуруу жана башка кызматтар боюнча онлайн кайрылууларды ала алышат. 


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул тапшырма Мамлекеттик каттоо кызматын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы имаратына көчүрүүдө жарандардын кезек күтүүсүнө жана даттанууларына байланыштуу берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн