Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Касмамбетов кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган Максим Гордеевге мамлекеттик тууну тапшырды

28.01.2022 16:25
1516
Касмамбетов кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган Максим Гордеевге  мамлекеттик тууну тапшырды

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 28-январда, өлкө президенти Садыр Жапаровдун атынан спортчу Максим Гордеевди алдыда Пекинде (Кытай Эл Республикасы) өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу менен куттуктап, жылуу саламын жолдоду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.


Ал белгилегендей, мамлекет башчысы жана жалпы Кыргызстан эли өз олимпиада спортчусун сүрөп, Пекинде өтүүчү Кышкы оюндарда өзүнүн чеберчилигин көрсөтөт деп ишенет.


“Сиздер Кыргыз мамлекетинин туусун бийик көтөрүп, ийгилигиңиздер жалпы Кыргызстан элинин улуу жеңиши болот деп ишенебиз. Биз сиздин спорттук жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Президент Садыр Жапаров сиз кандай татаал жолду басып өтөрүңүздү билет жана чын жүрөктөн ийгиликке үмүттөнөт”, - деп баса белгилеген Сүйүнбек Касмамбетов Максим Гордеевдин кыялынын ишке ашуусун каалады.


Мамлекеттик катчы спортчунун машыктыруучусуна эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн татыктуу спортчуларын тарбиялоодогу аракетин белгиледи.


Өз кезегинде лыжачынын жеке жана башкы машыктыруучусу Игорь Борисов үмүтүн актап, Олимпиада оюндарында Кыргызстанды татыктуу көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.


Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов белгилегендей, алар өз кезегинде спортчу эч нерсеге муктаж болбой, бул оюндарга толук даярдык көрүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп беришти. УОК тоо лыжачысы Максим Гордеев өзүнүн эң мыкты спорттук жыйынтыгын көрсөтөт деп үмүттөнөт.


“Кыргызстан тоолуу өлкө жана бизде кышкы спортту өнүктүрүү үчүн бай потенциал бар. Мен жакынкы аралыкта Кышкы спорт борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап, стратегияны иштеп чыгууну жана бул үчүн инвесторлорду издөөнү баштоону, ошондой эле туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасоону сунуштайм”, - деди ал.


Жолугушуу соңунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов спортчу Максим Гордеевге Кыргыз Республикасынын туусун тапшырып, дагы бир жолу спортчуга ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалады.


Белгилей кетсек, жолугушуу бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн