Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:18
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Ката кетирбей турган курактасың. Исхак Масалиев Акылбек Жапаровго жооп берди

27.02.2023 14:00
469
Ката кетирбей турган курактасың. Исхак Масалиев Акылбек Жапаровго жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун интервьюсунан кийин ага жооп кайтарды.


Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө Адахан Мадумаров да, өзү да алтын уурдалды деген эмес экенин билдирди.


"Акылбек Жапаровго жооп берип койбосом болбойт. Парламенттин чечими менен фракция лидерлери комиссияга мүчө боло албайт. Ал эми мен жеке себептерден улам комиссияны жетектөөдөн баш тарттым. Ошол эле учурда комиссиянын мүчөсү катары турам.


Мен дагы, Адахан Мадумаров дагы алтын уурдалды деген эмеспиз. 2021-жылдын биринчи жарымында мурунку бийликтен калган 19 тонна алтын сатылган. Бул нормалдуу көрүнүш.


Акыл, (менин жашым сага караганда улуу) маалыматты тактап тур, анткени ката кетирбей турган курактасың",- деп билдирди депутат.


Эске салсак, Акылбек Жапаров өзүнүн берген маегинде Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиевди жоопкерчиликти сезбеген саясатчылар деп баалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн