Министрлер кабинети катализаторлорду жана алардын курамындагы шлактарды, күлдөрдү жана баалуу металлдардын калдыктарын экспорттоого тыюу салууну алты айга узартууну сунуштоодо. Экономика жана соода министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Анда дүйнөдө катализаторлордун курамында болгон баалуу металлдарга: платина, родий же палладий туздарына суроо-талап өсүп жатканы айтылат. Буга байланыштуу кайра сатуу үчүн унаалардан катализаторлорду өз ыктыяры менен алып салуу жана уурдоо фактылары көбөйдү.
Белгилей кетсек, автоунаалардагы катализаторлор чыккан газдардагы адамдарга жана айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды зыянсыздандыруу үчүн керек экендиги такталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн