Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Катар эмири менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү башталды

07.06.2023 10:29
261
Катар эмири менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү башталды


Бишкекте бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келген Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи башталды.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Катар менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эки өлкө лидерлери Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Тамим бин Хамад Аль Тани расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Тараптар тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн залга өтүштү. Андан кийин кеңейтилген форматтагы жолугушуулар башталат. Анда өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Катардын Эмири күн мурун, 6-июнда биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн