Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Катар эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында Садыр Жапаров менен жолугушуусу күтүлүүдө

05.06.2023 14:17
315
Катар эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында Садыр Жапаров менен жолугушуусу күтүлүүдө


Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани 6-7-июнь күндөрү Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы белгилегендей, бул араб мамлекетинин башчысынын өлкө тарыхында Кыргызстанга жасаган биринчи иш сапары.


Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Катардын Эмири менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланат.


Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу да пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн