Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кайгы-муң болбосун десеңиз, кайдыгерликти токтотолу!

23.03.2020 13:06
1008
Кайгы-муң болбосун десеңиз, кайдыгерликти токтотолу!


Коронавирус оорусун алдын алуунун, аны жайылтпоонун жападан жалгыз жолу – бул үйдөн чыкпай отуруу, тазалыкты бекем сактоо экени айтылууда. Көчөгө өтө зарыл жумуш болсо, же азык-түлүк алуу үчүн гана чыгып, башка учурда үй ичинде бала-чакаң менен тынч отур деген түшүндүрүү иштери жакшы эле жүрүүдө. 


Бирок, тилекке каршы бул илдетти капарына албай, кайдыгер мамиле жасаган мекендештерибиз да болууда. Көчөдө бет кап тагынбай эле басып жүргөндөрдү көрүп жатабыз. Алтургай кичине балдарын жетелеп алып, сейилдеп жүргөндөр да кездешүүдө. Ал эми шаар сыртындагы трасса бойлорунан жайбаракат кой жайып жүргөндөр жүрөт. 


Кайдыгерликтин арты эмне болорун Италиядагы көрүнүш көрсөтүп турат. Ал жакта аты өчкүр бул оорудан каза болгондордун саны улам арбып баратат. Дарыгерлер дем ала албай жаткан оорукчандарга жардам берүүгө жетишпей калып жаткандарын, медициналык жабдуулардын жетишсиздигин айтып ыйлап жатышат. Өнүккөн өлкө болгон Италияда ушундай абал. Алардын жарандары да башында бул ооруга кайдыгер мамиле жасашкан. Натыйжасы кандай болуп жатканын дүйнө эли көрүп турат. 


Андыктан кайдыгерликти токтотолу! Өзүңдү ойлобосоң да, үй-бүлөңдү, балдарыңды ойлон! Эгерде сен бул илдетти өзүңө жуктурсаң, анда үй-бүлөңө да коркунуч алып келесиң. Ушуну эстен чыгарба! Тазалыкты сактап, үйдөн чыкпай отуруп, атың өчкүр ооруну жеңели!


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн