Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кайыңды шаарында цистернадан өрт чыгып, бир адам жабыркады

Кайыңды шаарында цистернадан өрт чыгып, бир адам жабыркады

Кайыңды шаарында цистернадан өрт чыгып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


   Панфилов району, Кайыңды шаарында жайгашкан эткомбинаттын аймагында мунай зат ташуучу унаасына цистернадан (резервуар) күйүүчү май (бензин) куюп жаткан учурда өрт чыккан. Цистернанын көлөмү 3000м/куб. Өрттүн кесепетинен айдоочу кол жагынан жеңил жаракат алып, тез жардам кызматы алып кеткен. Абалы жакшы.  


    Жеринде №2 ӨКБнөн 1 бөлүм жана "Каинды Ойл" ишканасынан ЗИЛ-131 үлгүсүндөгү 1 даана өрт өчүрүүчү авто унаасы иш алып барган. 


Өрт саат 20:55те чектөөгө алынып, 21:17 толук өчүрүлдү.


   Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн