Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

«Кайнар» ресторанынын ээсине кайрадан айып салынды

26.08.2020 17:36
1125
«Кайнар» ресторанынын ээсине кайрадан айып салынды


Бишкек шаарындагы «Кайнар» ресторанынын ээсине кайрадан айып пул салынды. Анда көп сандаган адамдын катышуусунда куран окутулган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Октябрь районунун акими Азамат Дороев жетектеген бригада, санитардык-экологиялык инспекциянын өкүлдөрү массалык иш-чара болуп жаткан учурда барышкан. Ресторандын ээсине 3 миң сомдук айып пул салынды.


Буга чейин да бул ресторандын жетекчилигине карантин учурунда куран окутуу уюштурганы үчүн айып салынган болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн