Бишкек, Ош жана Токмок шаарында кайрадан шайлоого катышуучу шайлоочулардын тизмеси кайрадан такталат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров 24.кг агенттигине билдирди.
Анын айтымында, шайлоо тилкелерине өзгөртүү киргизилбейт.
"Аймактык шайлоо комиссиясынын саны жана шайлоо тилкелеринин саны өзгөртүүсүз калтырылат. Болгону шайлоочулардын санын тактап, кайрадан тизме түзүлөт. Кайрадан өтө турган шайлоого биз божомолдогон суммага караганда, каражат азыраак кетиши мүмкүн",- деди Шайназаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн