Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кайрылган бир дагы жаран жоопсуз калбасын, - Боронов

04.07.2020 12:45
1269
Кайрылган бир дагы жаран жоопсуз калбасын, - Боронов

 

Медициналык тез жардам жана 118 кызматтарына кайрылган бир дагы жаран жоопсуз калбасын. Мындай тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов берген.


Премьер-министр медициналык тез жардам унааларынын жана дарыгерлердин бригадаларынын саны көбөйтүлгөнүн эске салган.


 “118 кызматынын ишин күчөткүлө. Кайрылган бир дагы жаран жоопсуз калбасын. Алар тиешелүү консультация алуулары зарыл. Ушул эле талап медициналык тез жардамга да тийиштүү. Чалуулардын статистикасын мен өзүм карайм. Ар бир чалуу аткарылсын, - деген Кубатбек Боронов.


Ошондой эле COVID-19га каршы күрөшүү иш-чараларына тартылган мамлекеттик органдарга ишти күчөтүүнү тапшырып, бардык тараптардын уюшулган ишинен өлкөнүн мурдагы жашоосуна ыкчам кайтуусу көз каранды экенин айткан

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн