Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кайрымдуулукту мактаныч коштогон пиары жок жасаса болбойбу?

24.03.2020 10:58
753
Кайрымдуулукту мактаныч коштогон пиары жок жасаса болбойбу?


Адам баласы башыбызды кандай кара булут каптап келатканын дагы деле түзүк аңдай албай отурат. Башка мамлекеттерди айтпай эле коелу, өзүбүздүн Кыргызстан тууралуу айталы. Дүйнө мамлекеттерин кооптонтуп турган коронавирус оорусу биздин кичинекей мамлекетке да келип жетип, аны жугузгандардын саны улам кошулууда. Демек, бул оорунун жайылып кетүү коркунучу турат. Андыктан үйдөн чыкпай отуруу, тазалыкты бекем сактоо аркылуу гана бул ооруну жеңсек боло турганы да түшүнүктүү. 


Мындай кырдаалда албетте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар тараптан камкордуктар керек. Бет каптардын жетишсиздиги, азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттап кетүү коркунучу жарандарыбызды кооптонтууда. Акчалуулар үйүнө 5-6 мүшөктөп ун, чакалап май жыйнап алса, күнүмдүк оокатын гана араң таап жеп келген адамдар үчүн бир топ оорчулук жаралды. 


Жардамга колун сунуп, элге бекер ун, май, бет кап таркаткандар болууда. Албетте, аларга Жараткан Кудай ыраазы болсун дегибиз келет. Бирок, ошону менен катар эле өзүнүн бул кайрымдуулук ишин мактаныч катары пиарлап жаткандардын басымдуу болуп жатканы өкүндүрбөй койбойт. “Биз ушунча беткапты бекер таркаттык” деп интернеттеги социалдык түйүндөрдө видеого тартып алып таратып жүргөндөр бар. Анан дагы “Баланча Түкүнчөевдин атынан мынча тонна ун, баланча тонна май” деп бадырайта жүк ташыган машинага жазып алып айыл аралап жүрүшөт. 


Кыргызда илгертеден “Бир колуң бергенди экинчи колуң билбеш керек” деген сөз бар. Кайрымдуулук иштерди бир гана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жасаган алдаканча пайдалуу. Бет кап таркатып алып деле, анан кайра ошол бет кап алган кишиден “ыраазычылык” комментарийин алып коомчулукка жарыялагандын сообу болобу? Элге “ушунча тонна ун таркаттым” деп мактануунун учурда жөнү барбы? 


Ошол байлыкты да Жараткан берген. Бирок, “Мен ушул байлыкты сага бердим” деп Жаратуучу зат көкүрөк каккан жок го. Байдын байлыгында кедейдин да үлүшү бар экенин билип, берген кайрымдуулук иштерди пиар кылбай эле бергенди үйрөнбөйлүбү. Бул дүйнөнүн жалган экенин ааламды каптап келаткан коронавирус оорусу да далилдеп жатпайбы. Ал оорудан суткасына канчалаган адам жарык дүйнө менен кош айтышып жатат. Байлык да, бийлик да өмүрдү (эгер ичер суу түгөнгөн болсо) сактап кала албай турганын сезгенсип эле калдык го. Аркы дүйнөгө да көтөрүп кете турган нерселер эмес экенин билдик. 


Кайрымдуулук жасайлы. Бири-бирибизге камкордук көрөлү. Бирок, ошону менен мактанбайлы. Биз мактансак да, мактанбасак да, жасаган иштерибизди төбөдөн көрүп турган улуу Зат бар. Ашкере байлардын таратып жаткан ун-майларына мактанганы коомчулукта терс-пикирлерди жаратып жатканын да туура түшүнгүлө. Айтылып жаткан терс пикирлерде да чындык басымдуу экенин моюнга алгыла. Андыктан жардам кимдин атынан экенин даңазалабай эле жасасаңар, анын сообу да көбүрөөк болот, терс пикирлер да айтылбайт. 


Элибизде, жергебизде ден соолук, аманчылык, бакубат жашоо болсун.


Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн