Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кайсы класстардын окуучулары салттуу режимде окуй баштайт?

10.11.2020 17:40
1015
Кайсы класстардын окуучулары салттуу режимде окуй баштайт?

11-ноябрда мектеп окуучулары салттуу режимде окуй баштайт. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Министрликтин өкүлүнүн айтымында 11-ноябрдан тартып 1-2-3-4-5-6-9-11-класстардын окуучулары салттуу режимде мектепте окуй баштайт. Ал эми, 7-8-10-класстардын окуучулары онлайн форматта окуусун улантат. 


"Эки апта бою реалдуу режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы реалдуу режимде окууга уруксат берилет", -деп белгиледи министрликтин өкүлү. 


Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал курч болгондуктан республикалык штаб мектептердин салттуу режимде окуусуна уруксат берген жок. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн