Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кайсы сейил бактарда соода үчүн жерлер ижарага берилет? Мэриянын жообу

15.06.2023 14:20
419
Кайсы сейил бактарда соода үчүн жерлер ижарага берилет? Мэриянын жообу


Муниципалдык менчик комиссиясы соода жайлары ижарага бериле турган парктардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Бишкек шаардык кеңештин 2022-жылдын 16-декабрындагы токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруунун тартиби жана аларга чектелген мүлктүк укуктарды берүү жөнүндө» жобого ылайык шаардын парктарындагы жерлерди ижарага берүүнү пландаштырууда.


Комиссия ошондой эле сейил бактарда ижарага берилүүчү жайлардын жайгашуусун, бааларды, арыздарды кабыл алуунун мөөнөтүн жана тартибин карап чыкты.


Парктардын тизмеси:


- Боталиев атындагы;

- Тулебердиев атындагы;

- Жаштар;

- Фучиктин атындагы;

- Кайың багы;

- Жаңгак токою;

- Карагай багы.


Соода жана оюн-зоок кызмат көрсөтүүлөрүнүн төмөнкү түрлөрүнө арыздар кабыл алынат:

Сатуу:

 

- балмуздак;

- суусундуктар;

- жүгөрү;

- пахта момпосуй;

- попкорн;

- балдар оюнчуктары.


Ижарага алуу:

- велосипеддер;

- самокаттар;

- балдар паровозу;

- балдар машиналары.


Башка:

- күч өлчөгүч;

- балдар батут;

- балдар аянтчасы;

- теннис столу;

- балдардын мобилдик аттракциондору.


Арыздар саат 9.00дөн 17.00гө чейин Чокморов көчөсү 246, 24-кабинет дареги боюнча кабыл алынат. Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча: 0312454107.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн