Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кайсы жергиликтүү органдардын өкүлдөрү президенттин сыйлыгына татыды? (тизме)

21.10.2021 14:54
606
Кайсы жергиликтүү органдардын өкүлдөрү президенттин сыйлыгына татыды? (тизме)



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Биринчи топтун арасынан:


- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;


- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;


- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;


Экинчи топтун арасынан:


- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - ЫсыкКөл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;


- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;


- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.


Мындан тышкары, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты:


Абдыразаков Асылбек Таштанбекович - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы;


Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевич - Талаc облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы;


Мозгачева Виктория Андреевна - Бишкек шаарынын вице-мэри;


Усенова Эльмира Валентиновна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары.


Президент Садыр Жапаров ошондой эле, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыялады:


Апбасов Каныбек Сагынбековичке - Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;


Абдыкадыров Эмилбек Ысакуловичке - Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;


Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичке - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри;


Рахманкулов Алмазбек Рахманкуловичке - Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн