Каракол дарыясынан Россиядан келип дайынсыз жоголгон 29 жаштагы Варвара Конопасевичке таандык бут кийим жана шым табылды. Аны издөө иштери токтотулган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Россиялык жаран каза болгон болушу мүмкүн.
«Буюмдарын дарыядан туристтер таап, биздин куткаруучуларга өткөрүп беришти. Ата-энелери аларды аныкташкан. Издөөнү токтотуу өтүнүчү Варваранын ата-энесинен түшкөн. Алар Россияга кайтып кетишет. Кыз токойдо адашып кетти деген маалымат болгон",- деп билдирген мекемеден.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн