Бугу 01, 2024
Убакыт: 21:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Каза болгондор бар. Баткенде жабыркагандардын саны 55ке жетти

16.09.2022 19:34
463
Каза болгондор бар. Баткенде жабыркагандардын саны 55ке жетти

Бүгүн, 16-сентябрь кечки саат 18:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыркагандардын саны 55 адамга жетти, каза болгондор бар.


Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, алардын арасында үчөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Алардын көбү октон жана сыныктардан жараат алгандар.


Жалпы жабырлануучуларынын арасынды жетөө аялдар, бешөө балдар.


1. Баткен облустук бириккен ооруканасында - 23;


2. Лейлек райондук жалпы дарыгердик практика борборунда - 22;

3. Кулунду ЖДПБ - 3 жабырлануучу;

4. Улуттук госпиталда - 3 жабырлануучу;

5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.


"Ошондой эле 1 адам өлүмү катталганын маалымдайбыз, 15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумган. Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматка караганда, мындан башка дагы каза болгон учурлар бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн