Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 13:08
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Казак артистери онлайн концерт берет

23.03.2020 15:47
1627
Казак артистери онлайн концерт берет


Казакстандын Маданият жана спорт мекемеси пандемияга байланыштуу онлайн мейкиндигин колго алууда. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Казакстандын Маданият министрлиги убактылуу чектөөлөрдү маданий иш-чараларды баардык жактан токтоту дегенге жатпайт деген маалымат таратууда.

  

“Калк карантин учурунда интернет тармагында көп убакыт өткөрүп калганын эске алуу менен Казакстандын маданият жана спорт министрлиги “Казактелеком” менен биргеликте “Жылдыз карантинде” атаалышындагы долбоорду түз эфирде өткөрөбүз. Долбоор казакстандын музыкалык искусствосун баардык аймактарга жана калаларга жеткиликтүү кылат”, - деп айтылат кайрылууда.


Жакынкы аралыкта казак артистери өздөрүнүн өнөрлөрүн онлайн режиминде баардык социалдык тармактардан көрсөтө алат.


Алгачкы онлайн концерт 23-мартта саат 21:00дө telecomkz. YouTube каналалында Жубаныш Жексенулунун катышуусунда болору айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн