Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казак өкмөт башчысы Кыргызстанга Токтогул суу сактагычынан кошумча суу бергени үчүн ыраазылык билдирди

08.12.2021 14:16
1803
Казак өкмөт башчысы Кыргызстанга Токтогул суу сактагычынан кошумча суу бергени үчүн ыраазылык билдирди
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Нур-Султанда КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен болгон сүйлөшүүдө  Токтогул суу сактагычынан кошумча суу бергендиги үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.


 Мамин эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгын, анын ичинде Сырдарыя, Чу жана Талас трансчегаралык дарыяларынын суу ресурстарын жөнгө салуу боюнча ыкчам иш-чараларды биргелешип кабыл алууну жогору баалай турганын белгилеген.

«Кыргыз тараптын Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызууну ишке ашыруусу Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгын суу аз шартта канааттандырууга мүмкүндүк берди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн