Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:45
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Казак тарап QazVac вакцинасы боюнча А.Бейшеналиевдин билдирүүсүн четке какты

Казак тарап QazVac вакцинасы боюнча А.Бейшеналиевдин билдирүүсүн четке какты


Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов казак вакцинасы август айынын аягынан баштап гана ири көлөмдө чыгарыла тургандыгын, андыктан жакынкы аралыкта аны башка өлкөлөргө жеткирүү маселеси каралбай тургандыгын Turantimes.kz билдирди.


Брифинг учурунда Тугжанов Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсү боюнча Казакстандын жакынкы мезгилде гуманитардык жардам катары ата мекендик QazVac вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү пландары жөнүндө суроого жооп берди.


Вице-премьер-министрдин айтымында, учурда QazVac'тын бир айлык өндүрүшү 100 миң дозаны түзөт. "Ушул айдын 25-июнунда дагы 100 миң доза даярдалат. Июль айында биз дагы 100 миң дозаны пландаштыруудабыз. Августтун аягынан баштап, тактап айтканда 30-августта жана 1-сентябрда бир айда бизде 600 миң доза көлөмү болот. Бул биздин көзөмөлүбүздө", - деди ал.


Тугжанов өлкөдө казакстандык вакцинанын тартыштыгы жок экендигин баса белгиледи. QazVac'тын болжол менен 30 миң дозасы баланста.


"Ооба, бүгүнкү күндө бизден вакцина сурап жаткан өлкөлөр бар. Бирок, биринчи кезекте өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек. Ошондуктан, бүгүнкү күнгө, июнь айына, июль айына, ал тургай августка чейин, башка өлкөлөргө жеткирүү маселеси каралбайт. Кыргызстандан кайрылуу болду. Бизде сентябрь айында 1 млн доза болот, ошондо гана башка өлкөлөргө жеткирүү маселесин карайбыз", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн