Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакбаев Кыргызстандагы араб кайрымдуулук фонддорун социалдык мекемелерди курууга чакырды

27.04.2021 10:43
783
Казакбаев Кыргызстандагы араб кайрымдуулук фонддорун социалдык мекемелерди курууга чакырды

26-апрелде министр Руслан Казакбаевдин Кыргызстанда иштеп жаткан араб кайрымдуулук фонддорунун жана уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууга «Бүткүл дүйнөлүк мусульман жаштары ассамблеясынын», «Катар Чэритинин», «Ас-Санабилдин», «Хьюман Эпил Интернэшнлдин», «Ас-Салямдын», «Смарт Дженерейшндин», «Ас-Сафанын», «Ихсан Хайриянын» жана «Исардын» өкүлдөрү, ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары А.Солтонбекова катышышты.


Министр Руслан Казакбаев Кыргызстандын айрым бөлүктөрүндөгү мамлекеттик программалар жана социалдык керектөөлөр: мектептерди, ФАПтарды куруу, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу ж.б. менен фонддордун ишин координациялоонун маанилүүлүгүнө басым жасады.


Муну менен катар, баарлашуу жүрүшүндө көйгөйлүү маселелер да, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча фонддордун жетекчилеринин сунуштары айтылды. Мында, уруксат кылуучу документтерди алууда жана мамлекеттик органдар менен долбоордук документтерди макулдашуунун; көрсөтүлгөн жардамдын жана анын алуучуларынын маалыматтык базасын өркүндөтүү; ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу ж.б. кыйынчылыктары белгиленди.

Сунуштар катары, жолугушуунун катышуучулары бир добуштан фонддордун жана адистештирилген бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңеш түзүү зарылдыгына макул болушту.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Орозакунов Кубанычбек.
Ишке ашса мыкты болор эле. Мигранттардын балдарынын билими, өсүшү, коопсуздугу, келечеги, коомго жана бийлике болгон көзкарашарына таасирлер чоң!