Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Казакстан 50дөн ашык мигрантты Тажикстанга депортациялайт

13.06.2020 16:40
907
Казакстан 50дөн ашык мигрантты Тажикстанга депортациялайт


Казак-өзбек чек арасындагы “Жибек Жолы” өткөрмө пунктунда ара жолдо калган 50дөн ашык тажик мигранты Казакстандын бийликтери аларды депортациялоо жөнүндө чечим кабыл алгандыгын айтышууда деп билдирди “Озоди” радиосу. Ал эми Тажиктандын Казакстандагы Элчилиги мындай маалыматты билбейбиз дешет.


“Жибек-Жолы” чек ара өткөрмө пунктунда учурда 178 тажик жараны кармалууда. Алардын 50сү сот чечимине ылайык депортацияланышат. Чечимдер 2 жана 3-июнда чыккан деп айтылат “Озоди” радиосунун маалыматында.


Тажикстан элчилиги жардам сурап эч ким кайрылбагандыгын билдирүүдө. “Сиздер айткан бардык жарандар азыркыга чейин Казакстандын аймагында жана алар казак-өзбек чек арасы ачылганга жана аба каттам жанданганга чейин кала алышат”  - делет Тажикстан элчилигинин “Озоди” радиосуна берген кат жүзүндөгү жообунда. Июнь айынын башында Тажиктан аталган чек ара пунктунан өзүнүн 237 жаранын алып кеткен

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн