Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга ок-дары жана аскердик техникаларды берет

10.11.2021 13:41
587
Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга ок-дары жана аскердик техникаларды берет

Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга ок-дарыларды жана атайын техникаларды кайтарымсыз негизде берет. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.


Аскердик техника жана ок-дарыларды Кыргызстан менен Тажикстанга  жеткирүү чыгымын казак тарап көтөрөт.


 «Аскердик техниканы  өткөрүп берүү Казакстандын күжүрмөн даярдыгынын жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн абалына таасир этпейт, анткени жардам республиканын куралдуу күчтөрүнүн учурдагы экономикалык абалынын ашыкча резервинен берилип жатат», - деди Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн