Казакстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 2207 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 23-апрелде коңшу өлкөдө инфекциянын жаңы 16 учуру катталган. Алардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркай да бар.
Ал эми COVID-19 илдетинен айыккандардын саны 515 адамга жетип, 20 киши каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн