Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 16:21
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Казакстанда Нурсултан Назарбаевге эстелик тургузулду

03.07.2020 16:53
1180
Казакстанда Нурсултан Назарбаевге эстелик тургузулду


Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге монумент орнотулуп, ал Нур-Султан шаарындагы Улуттук коргонуу университетинин алдында ачылды. Эстеликтин ачылыш аземине президент Касым-Жомарт Токаев онлайн форматта катышкандыгын анын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, эстелик Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдыгына карата тургузулган. 

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, айкелдин университетте орнотулушу “терең символикалуу акт” болуп эсептелет. Себеби Казакстандын Куралдуу күчтөрү Назарбаевдин жарлыгы менен түзүлгөн. Ал өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бөлгөн.

Мындан тышкары, эл башынын бир нече эстелиги бар, ошондой эле, анын сүрөтү ири купюрага түшүрүлгөн.

Казакстанды биринчи президенти Назарабаев 6-июлда 80 жашка толот.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн