Социалдык тармактарда адам өлүктөрү массалык түрдө көмүлүп жатканы боюнча ачык видео тараган. Көрүстөнгө коюлуп жаткандар жаңы өлүктөр экени байкалат. Видеонун авторлору бул кадр Алматы облусунан тартылганын тастыктаган, бирок расмийлер бул маалыматты төгүндөп жатат, деп жазды zakon.kz парталы.
Алматы акимиатынын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, видеодо тартылган көрүстөн Алматы шаарында жайгашпаганын белгиледи.
Ал эми Алматынын ритуалдык тейлөө бюросунун кызматкерлери акыркы убакта адам сөөктөрүн көмүү чындыгында көбөйүп жатканын ишендирүүдө. Алардын маалыматында, бир күндө 80 кишиге чейин көмүлөт, буга чейин 30дан ашчу эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн