Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Казакстанда карантиндик чектөөлөр дагы эки жумага узартылды

29.07.2020 16:06
854
Казакстанда карантиндик чектөөлөр дагы эки жумага узартылды


Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтүн дагы эки жумага узартууну тапшырды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды. 


Жыйында премьер-министр Аскар Мамин билдиргендей, өлкөдө 5-июлдан бери туруктуу түрдө күнүнө 1500-1600 кишиден коронавирус аныкталууда. Айыккандар, тез жардам кызматына кайрылгандар азайып, стационарлардагы орундар 47% бошоду.


Ал эми Акордонун маалыматына караганда, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын эске алып, чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу үчүн азырынча карантиндик чектөөлөр жумшартылбайт.


Казакстан боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 86 192 кишиге жетти. Алардын ичинен 56 638 адам же илдетке чалдыккандардын 65% айыкты. Акыркы маалыматтар боюнча 793 бейтап каза болду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн