Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Казакстанда кармалган Викрам Рузахунов Кыргызстанга келди

10.01.2022 19:34
872
Казакстанда кармалган Викрам Рузахунов Кыргызстанга келди

Казакстанда кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов мекенине кайтып келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:40тар чамасында "Ак-Жол" посту аркылуу чек арадан өттү. ЖМК өкүлдөрү жана активисттер постто бир нече саат бою анын келишин күтүп жатышкан, бирок аны менен жолугуп, сүйлөшө алышкан жок. Викрам Рузахуновду консулдук унаа менен алып кетишти.


Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.


Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана “Джаз_Бишкек_Весна” фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн