Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Казакстанда кайрадан карантин жарыялоо сунушталды

02.07.2020 11:41
1311
Казакстанда кайрадан карантин жарыялоо сунушталды

Казакстанда карантиндик чектөөлөр күчөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды. 


Маалыматка караганда, казак өкмөтү өлкөнүн аймагында кайрадан карантин жарыялоону сунуштады. Ал 14 күнгө созулушу мүмкүн. Карантин чарасы өлкөдө коронавирус оорусун жуктурган адамдардын саны өсүп жатканы менен байланыштуу.


Өкмөт 5-июлдан баштап 14 күндүк карантин жарыялоону сунуштады. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунан кийин саламаттыкты сактоо министри комментарий берет. Жыйын бүгүн, 2-июлда болот.


Акыркы сутка ичинде Казакстанда 1509 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Ооругандардын жалпы саны -  42 574 адам, анын ичинен 13 845 адам айыкты. Каза болгондордун саны — 188.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн