Казакстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар 325 адамга жетти. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жаңы 26 жагдай Нур-Султан, Алмата, Кызылорда, Атырау , Актобе жана Түндүк Казакстан облустарында катталган.
Мындан срткары, коңшу өлкөдө илдеттен 21 адам айыгып, 1 аял каза болгон.
Эске салсак, 30-марта коңшу өлкөдө вирусту жуктургандар 294 адамга жеткен болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн