Казакстандын Алмата шаарында дагы бир жаңы жагдай катталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 61 кишиге жетти. Нур-Султан шаарында 31, Алматыда 26, Караганда да 2, Актобе шаарында 1 жана Алматы облусунда 1 жагдай катталган.
Илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу үчүн аталган шаарларга блокпосттор орнотулуп, кирип чыккан жарандардын дене табы текшерилип жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн